Төрөбаевдин ордуна мурда соттолгон бажычы Боронбаев депутат болушу мүмкүн

Боронбаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сотто күнөөсүн мойнуна алган. Мамлекетке 8 миллион сом төлөп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Абдыбахаб Боронбаев "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке Бакыт Төрөбаевдин ордуна депутат болуп келиши мүмкүн.
Бүгүн Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Талапкерлердин алган добушуна карап түзүлгөн БШКнын рейтингинде, кийинки тизмеде 4 968 добушка ээ болгон Боронбаев турат. Мындан улам ага мандат берилиши мүмкүн.
Абдыбахаб Боронбаев 1968-жылы 26-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "чарба жумуштары боюнча бухгалтердик учёт жана анализ" адистиги боюнча аяктаган. 1996-жылдан бери Бажы кызматында бир катар жумуштарды аркалаган. Соңку ирет Чыгыш-Батыш бажысын жетектеген. Боронбаев 2021-жылы Райымбек Матраимовдун ишинин алкагында "Коррупция" беренеси менен айыпталган. Кийин ал сотто күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 8 миллион сом төлөп берген.
Мандат алган Сурабалдиева менен Абдалиев парламентте ант берди