Радио

Мусаев: эми токойлорду коргоп, көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт

Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарбасы агенттигинин директору Алмаз Мусаев быйыл аталган мекеменин бюджети дээрлик 30 миллион сомго көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Кыргызстандын токойлору Орто Азия климаты үчүн өтө маанилүү. Андыктан быйыл биздин мекемеге аны өстүрүп көбөйтүү, жакшыртуу багытында ишти эки эсеге күчөтүү тапшырмасы коюлган. Бул тууралуу Алмаз Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республика дүйнөлүк уюмдарды камтыган түрдүү экологиялык иш-чараларга активдүү катышып келет.
"Жыл сайын токой чарбачылыгын өнүктүрүү багытына 68-70 миллион сом каражат каралчу эле. Быйыл бул сумма 97 миллионго көтөрүлдү. Муну менен катар эле жасала турчу иштер да көбөйдү. Ошондой эле БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба багытындагы ФАО уюму (англ. Food and Agriculture Organization, FAO - ред.) менен макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, аталган уюм өлкөдө токой чарбасын өнүктүрүүгө 29,9 миллион доллар грант тартуу иштери каралып жатат. Ошондой эле Глобалдык экологиялык фондудан дагы каражат тартуу иштери жүрүүдө ", — деди Мусаев.
Ал каражатты максаттуу колдонуу мекеменин негизги тапшырмаларынын бири экенин кошумчалады.