Нарында кош бойлуу келинге туура эмес дары сайылган. Бейтаптын азыркы абалы

Окуя үч күн мурун болгон. Оорукананын жетекчисине катачылыкка жол берген кызматкерлерине чара көрүү тапшырылып, кылмыш иши козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Нарында медайымдын катачылыгынан туура эмес дары сайылып, оор абалда жаткан 30 жаштагы М.Жакыпованын окуясын жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Билдирмеге ылайык, үч күн мурун Нарын облустук бириктирилген ооруканасына келген кош бойлуу келинге медайымдын катачылыгынан улам туура эмес препарат сайылып, абалы оорлошкондо жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
"Ай-күнүнө жеткендиктен кесарево жолу менен көз жарган. Дарыгерлер баланы аман алып калышты. Ал эми эненин абалы оор бойдон калууда, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Медиктердин айтымында, бейтаптын өпкөсүндө шишик бар, башка органдары кадимкидей иштеп жатат. Сатурациясы нормада, реанимация чаралары көрүлүүдө", — деп жазылган маалыматта.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Элмира Садыкова ооруканага барып бейтаптын абалын көргөн. Ал дарыгерлерге жаш эненин өмүрүн сактап калууга болгон күчтү жумшоону өтүнгөн.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбековго катачылыкка жол берген кызматкерлерине чара көрүп, төрөт бөлүмүн иретке келтирүү тапшырмасы берилди.
Окуя боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Кыргыз-түрк достугу ооруканасындагы кардиологиялык кызматтын акысы айтылды