Азаматтар! Ташкенттеги марафондо кыргызстандык спортчулар 3 алтын, бир күмүш алды

Марафондо 42 чакырымга чуркагандардын арасынан Илья Тяпкин менен Гүлшаной Сатарова биринчи орунду ээледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жеңил атлетчилери Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУнун) Ташкент марафонунда үч алтын жана бир күмүш жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
1 / 6

Кыргызстандын жеңил атлетчилери Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУнун) Ташкент марафонунда үч алтын жана бир күмүш жеңди

2 / 6

Марафондо 42 чакырымга чуркагандардын арасында Илья Тяпкин биринчи келген

3 / 6

Ал эми ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Гүлшанай Сатарова биринчи орунду ээлеген

4 / 6

Ошондой эле 21 чакырымга чуркаган Нурсултан Кеңешбеков биринчи орунду багындырган

5 / 6

Ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Мария Коробицкая күмүш медаль тагынган

6 / 6

Жарым марафондо (21 чакырым) Бердигул Айтпай уулу 4-орунду ээледи.

Эл аралык мелдеш бүгүн, 27-мартта, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болду.
Марафондо 42 чакырымга чуркагандардын арасында Илья Тяпкин биринчи келген. Ал алтынга жетүү үчүн 2 саат 21 мүнөт 39 секундада марага келген. Ал эми ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Гүлшаной Сатарова биринчи орунду ээлеген.
Ошондой эле 21 чакырымга чуркаган Нурсултан Кеңешбеков биринчи орунду багындырган. Ал марага 1 саат 4 мүнөт 13 секундада жеткен. Ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Мария Коробицкая күмүш медаль тагынган.
Жарым марафондо (21 чакырым) Бердигул Айтпай уулу 4-орунду ээледи.
Тилекжан Жекшенаалы уулуна гана бул ирет ийгилик жылмайган эмес. Эл аралык турнирге жалпы ушул алты спортчу жөнөтүлгөн.
Радио
Абдышева: кыргыз футболунда калыстык кылган кыздардын саны көбөйүүдө