Кыргыз улуттук драма театры оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры үч жылга созулган оңдоп-түзөө иштеринен кийин бүгүн, 27-мартта, көрүүчүлөр үчүн эшигин ачты.
95-театр сезону Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли менен башталды. Ошондой эле маданий жайдын фойесине атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту орнотулуп, ачылышы жасалды.
Белгилей кетсек, театрды оңдоп-түзөө иштери 2019-жылдын сентябрь айында башталган. Бул үчүн бийлик 84 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн. Бирок пандемия сыяктуу түрдүү себептерден улам оңдоо иштери улам үзгүлтүккө учураган. Кийин кошумча 45 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Урушкан жазуучуларды элдештирип, башкарып. Токтоболот Абдумомунов жөнүндө 13 факт