Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди. Сүрөт

Украинада көз жумган 26 жаштагы жигиттин сөөгү кечээ эртең менен ЖККУнун Канттагы авиабазасына алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын операцияда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.
1 / 7

Украинадагы атайын операцияда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди

2 / 7

Маркум менен коштошуу зыйнаты Кара-Балтада өтүп, ага Кыргызстандын жана Россиянын аскерлери, маркумдун жакындары катышты

3 / 7

Сөөгү ал жактагы көрүстөндөрдүн бирине коюлду

4 / 7

Кечээ эртең менен жоокердин сөөгү ЖККУнун Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары кичи мекени Жайыл районуна жеткирилген

5 / 7

Зарифулин келишимдик негизде кызмат өтөгөн сержант эле жана анын Украинада аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда баатырларча курман болгону айтылган

6 / 7

Маркумду авиабазага алып келгенден кийин ал жерге атасы менен агасы чакырылган

7 / 7

Алар менен кошо "Кант" авиабазасынын командири Алексей Ларин, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташесинин өкүлдөрү болгон.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Кара-Балтада өтүп, ага Кыргызстандын жана Россиянын аскерлери, маркумдун жакындары катышты. Сөөгү ал жактагы көрүстөндөрдүн бирине коюлду.
Кечээ эртең менен жоокердин сөөгү ЖККУнун Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары кичи мекени Жайыл районуна жеткирилген. Зарифулин келишимдик негизде кызмат өтөгөн сержант эле жана анын Украинада аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда баатырларча курман болгону айтылган.
Маркумду авиабазага алып келгенден кийин ал жерге атасы менен агасы чакырылган. Алар менен кошо "Кант" авиабазасынын командири Алексей Ларин, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташесинин өкүлдөрү болгон.
Ал кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн офицеринин айтымында, Рустам Зарифулин жетектеген бөлүк өз тапшырмасын аткаруу учурунда аткылоого кабылып, аскерлер жаракат алган, бирок ага карабай өз милдеттерин аткарууну улантышкан. Рустам алган жараатынан улам көз жумган. Ал көрсөткөн каармандыгы үчүн Россиянын Эрдик ордени менен сыйланган.
Рустам Зарифулин 18 жашында Россиянын жарандыгын алгандан кийин өзү аскер комиссариатына барып аскерге чакыруусун суранган. Андан соң ал Куралдуу күчтөргө келишимдик негизде кызмат өтөөгө которулган. Аны менен катар эле офицер болуп, өмүрүн аскердик жашоого арноо үчүн жогорку окуу жайга тапшырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада курман болгон Дорбоев Россиянын Эрдик ордени менен сыйланды