Месси: кийинки дүйнө чемпионаты Аргентина командасындагы акыркы оюнум болушу мүмкүн

Аргентиналыктар венесуэлалыктарды өз үйүндө 3:0 менен утуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси Венесуэланын футболчуларын дүйнө чемпионатына тандоо оюнунда жеңип алышы тууралуу пикирин айтты. Бул маалыматты РИА Новости жазды.
"Мен Америка кубогун жеңгенге чейин эле курама команда менен узак убакыттан бери бирге болгонума бактылуу экенимди айтып келгем. Баары өз ыргагы менен кетип жатат", — деди футболчу.
Спортчу алдыдагы дүйнө биринчилиги анын карьерасындагы акыркы оюн болуп калышы мүмкүн экенин билдирди.
"Дүйнө чемпионатынан кийин кайра ойлонушум керек болот. Мунун баары кырдаал өз нугунда болушуна байланыштуу. Баары эң жакшы өтөт деп үмүт артам", — деген Месси.
Аргентиналыктар венесуэлалыктарды өз үйүндө 3:0 менен утуп алган.
Роман Абрамович "Челси" футбол клубун сатмай болду. Ээси ким болот