Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

28-29-март аралыгында Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн жылышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 28-мартта Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9...+14, Талас жергесинде +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл чөлкөмүндө +5...+10, Нарында +4...+9 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11...+13, Ошто +13...+15 градуска жетет.
Радио
Мусаев: эми токойлорду коргоп, көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт