Бишкекте көп кабаттуу имараттын дубалы жанындагы турак үйгө кулап түштү. Видео

Болжолдуу маалымат боюнча, үч адам жабыркады. Объект Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы жанындагы турак үйгө кулап түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү кабарлады.
Окуя 27-мартка караган түнү Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, 13-кабаттан кулаган пескоблоктор үйдүн чатырын тешип кеткен. Кырсыктын кесепетинен үч адам жаракат алган, каза болгондор жок.
Окуя боюнча азырынча расмий органдар комментарий бере элек.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Тез тамактануучу жайлар жоюлган Карпинканын азыркы көрүнүшү. Сүрөт