Бишкекте дубалы ураган көп кабаттуу үй боюнча мэриянын маалыматы

Жабыркаган турак жай курулуп жаткан үйдөн үч метр аралыкта жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкек мэрия Фрунзе көчөсү менен Жаш Гвардия проспектинин кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы ураган окуя боюнча кененирээк маалымат берди.
Үйдүн дубалы 27-мартка караган түнү (саат 3:00-3:30дар чамасында) Жаш Гвардия, 75 дарегиндеги үйдүн үстүнө кулаган.
"Жабыркаган үй KG Vostok Service компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч метр аралыкта жайгашкан. Окуянын кесепетинен экинчи кабаттагы батирдин 64 жана 11 жаштагы тургундары жабыркаган", - деди мэрия.
Болжол менен 105 чарчы метрлик чатыр жабыркаган. Жашоочулардын айтымында, үй 1954-жылы курулган.
"Саат 12:40та жерине вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана Ленин районунун жетекчиси Русланбек Тагаев барган. Алар жабыркаган үйдү көрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Натыйжада биринчи жана экинчи кабаттан төрттөн, жалпы сегиз батир жашоого жараксыз болуп калган.
"Компания оңдоо-калыбына келтирүү иштерин аткарууга жана жабыркагандарды ремонт жүрүп жаткан кезде убактылуу жашоочу жай менен камсыздоого даяр. Анткен менен жашоочулар жардамдан баш тартышты", - дешти муниципалитеттен.
Тез тамактануучу жайлар жоюлган Карпинканын азыркы көрүнүшү. Сүрөт