Россияга каршы маанайдагы китептери менен белгилүү америкалык жазуучу Тимоти Снайдер бул терминге каршы чыгып: "Немец гана нацист боло алат... Нацист — бул Германиянын 1930-1940-жылдардагы Улуттук-социалисттик партиясынын мүчөсү. Нацисттер жок жерде денацификациялай албайсыңар" деген парадоксалдуу ойлорун ортого салды.
Өзүн Гитлердин тарапташы жана "Mein Kampf" китебин жактаган деп санаган жазуучудан башка кандай идеологияны күтүүгө болот? Снайдер жана ага окшогондордун "тарыхый" жаңы ачылыштары арбын болчудай. Серепчи Владимир Корнилов Батышта учурда жаңырып жаткан ушундай пикирлер тегерегинде ой калчаган.
Мисалга украиналык "Свобода" партиясы 1991-жылы эле Социал-улутчул партиясы катары каттаган. Анын негизги дем берүүчүсү Юрий Михальчишин гитлердик "Mein Kampf" өзүнүн багыттоочу китеби экенин ачык эле моюнга алган. Анда бул идеологияны эмне деп атоого болот? Снайдер анда Михальчишинди ким деп атайт? 2014-жылдагы Майдандан соң анын Украинанын Коопсуздук кызматында иштеп, учурда Мариуполдо денацификацияланып жаткан "Азов" полкунун идеологиясы менен алектенгени эмнеден кабар берет?
Дал ушул бөлүк "Украина патриоту" неонацисттик уюмунун базасында түзүлгөнүн да эске сала кетели. Дал ушул "Азов" "денацификация" терминин жактырбагандар үчүн негизги көйгөй. Ал расалык ураандарды гана карманып, ал тургай 2015-жылдын июнунда АКШ конгрессинин резолюциясында расмий түрдө неонацисттик уюм деп табылган.
Январда британиялык The Times Россияга каршы "ультра оңчул жоокерлер" жана "ультра улутчул күчтөр" согушууга камынууда деп түз эле жазган. Учурда ошол эле гезит өз окурмандарына "Азов" нацисттик бөлүктөн сүттөн аппак армиялык түзүмгө айланганын далилдеп берүүгө тырышууда.
Нидерланддык NRC басылмасы "Азов" полку: улутчулдарбы же Украинанын куткаруучуларыбы" деп суроо салды. Голландиялыктар Мариуполдун борборунда улутчулдардын эки танкы аткылап жүргөн тасманы көрүп, куштарланууда. Ал эми кийин бул кадрлар деле аталган басылмага өндүрүштүк калаанын талкаланышына Россияны айыптоого жолтоо боло албайт.
Ушундай макалалар азыр батыш басылмаларында жайнайт. Мындан бир нече жыл мурда эле АКШ конгрессинде "Азов" дүйнө жүзүндөгү ультра оңчул радикалдарын тартуу жана машыктыруу үчүн эл аралык рекрутингдик агенттигине айланып калганы тууралуу доклад окулганын баары тең унутуп калышкандай. Ошол докладдан соң ондогон конгрессмендер АКШ Мамлекеттик департаментине бул түзүмдү чет элдик террордук уюмдардын тизмегине киргизүү талабы менен петицияга кол коюшкан.
Батыш журналисттери украиналык тараптын "россиялык оккупанттар менен салгылашта "Украина патриоттору" – "Азовдун" башкы идеологдорунун бири Билецкийдин – Крук каймана ысымдуу Николай Кравченконун өлүмү тууралуу" расмий билдирүүсүн укмаксанга салып койду. Батыш басылмалары украиналык маалымат майданындагы буга окшогон адамзатты жек көрүүчүлүккө үндөгөн чакырык жана билдирүүлөргө көз жуумп, кулак жапырып коюуда. Мисалы, 24-каналдын алпаруучусу эфирден орус балдарын кескилөөгө, башкача айтканда геноцид актысын жасоого чакырык жасаганына бир аптадан ашты. Батыштын беделдүү басылмаларынан ушул тууралуу бир ооз сөз таппайсыздар. Тек гана америкалык демократтардын анча белгисиз The Bulwark сайты гана кеп кылып, алып баруучу жакын досун жоготконуна ичи ачышып эмоцияга алдырып айтып, сөзү кесилип берилген деп актоого тырышты. Эч ким жазаланбай, алып баруучу эч нерсе болбогондой каналда ишин улантууда. Зеленский Израилдин кнессетине кайрылганында бул боюнча жарга такалган жок.
Тилекке каршы, ушундай маанайдагы чакырыктар Украинада ар кыл деңгээлде жаңыра баштады. Украинанын Чек ара кызматынын жетекчиси Сергей Дейнеко социалдык медиадагы баракчасында россиялык аскерлердин "аял, бала-чакасын, ата-эне, ага-карындаштарын" өлтүрүүгө убадасын жарыялады. Кийин украиналык аткаминер аккаунтунун бузулганын билдирип койду.
Коломойскийге таандык 1+1 каналынын белгилүү алпаруучусу Наталья Мосейчуки Түркия жана Египеттеги курорттордогу россиялык учкучтардын үй-бүлөлөрүнө террордук аракеттер менен опузалады. Айткан сөзү үчүн ал актанып да койгон жок.
Андан соң туткундагы россиялыктарды кантип сабап, кыйнап, майып кылып же жазага тартуу керектиги жөнүндө адамзатты жек көрүүчүлүк чакырыктары биринин артынан бири жаңыра баштады. Геннадий Друзенко аттуу дарыгердин отчету эле кандай? Ал өзүнө табышталган госпиталда россиялык солдаттарды бычууга буйрук бергенин "Украина 24" каналынын түз эфиринен билдирди. Теле алпаруучу, бир кезде россиялык либералдык агымдын чыгаан өкүлү саналган Евгений Киселевдун да бул чакырыктарга баш ийкеп тим болгону кызык.
Батыш коомчулугу да мындай үрөй учурган чакырыктан кабарсыз калмак. Американын кеңири белгилүү теле алпаруучусу Такер Карлсон Друзенконун сөзүн эфирден мисал келтирип, аскердик кылмышты моюнга алуу катары бул билдирүүгө беделдүү батыш басылмаларынын көңүлүн бурду.
2016-жылы да анестезиолог Александр Чернов госпиталга түшкөн донецкилик кошуунчуларды өлтүргөнүн ачык билдирген. Бирок кийин эч нерсе болбогондой ар кай жакка маек куруп, каналдарга чыгып жүрдү. Батыштагылардын буга башы да ооруган эмес. Анда азыркы кырдаал менен сегиз жыл бою Донбасс башынан өткөргөндөрүн салыштырып көрөлүчү. Кыйратылган, жардырылган, канчалаган жайкын тургундар, анын ичинде балдар набыт болгон!
Согуш жүргөн сегиз жылда Донецк жана Луганск Элдик республикаларынын телеканалдарынан мындай мыкаачылык чакырыктарга жол берилген эмес. Кандай ызага батып турса да Украинанын колго түшкөн жоокерлерине карата адамгерчиликтен тайышпаган. 2014-2015-жылдары Донецк жана Луганск кыйын кезеңди баштан кечирип, каражатсыз, дүкөндөр иштебей азык-түлүксүз калышкан.
Бирок ошондо да "мародерлорду" сотсуз жазага тартышкан эмес. Анан калса мунун баарына учурда укук коргоо органдары да жол берүүдө. ИИМ башчысынын кеңешчиси Вадим Денисенко сотсуз жазалоону: "Согуш маалында мародерду жылаңачтап, байлоо жапайычылык деп эсептебейм. Улуттук полициянын, тилекке каршы, азыр баарына жетише албай жатат... Мындай акциялар мародерлорго кылмыш жазасына караганда катуураак таасир этет. Алар жаза азыр жана дал маалында болорун түшүнөт. Башкаларга да сабак болот" – деп ачык эле колдоп койду.
Ушундай мыкаачылык, жапайы чакырыктар жана аракеттер расмий, мамлекеттик деңгээлде колдоого алынууда. Ал эми батыш маалымат каражаттары муну көрмөксөн, укмаксанга салып, Украинага карата "денацификация" термини негизсиз экенин талкуулоо менен убара.