Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиев каза тапты

Аскарали Мухамадиев 47 жашта болгон. Облустук милиция ал эмнеден көз жумганы тууралуу маалымат берген жок.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Облустук милиция ал эмнеден көз жумганы тууралуу маалымат берген жок.
Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрелде Ош облусунун Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал ички иштер органдарында 2000-жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келген. Президенттин жана ИИМдин сыйлыктарын алган.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы маркумдун бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Окумуштуу жана невролог Арстанбек Мурзалиев дүйнөдөн кайтты. Некролог