Кыргызстан январь ичинде баалуу металлдын 120 тоннадай калдыгын саткан

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан бул товарларды төрт мамлекетке экспорттогон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ушул жылдын январь айында Кыргызстан 119,7 тонна баалуу металлдын калдыгын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Товардын жалпы көлөмү 400 миң долларга бааланган.
Баалуу металлдын калдыктары экспорттолгон мамлекеттер:
Литва — 59,6 тонна;
Германия — 40 тонна;
Нидерланддар — 20 тонна;
Россия — 0,1 тонна.
Былтыркы жылдын алгачкы айында 92,3 тонна сатылган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Январь айында балды экспорттоо үч эсе азайды