Адис Wi-Fi-роутер мобилдик байланышты кантип жакшырта аларын айтты

Адистин айтымында, бул технология — мобилдик байланыш начар учурда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн сапатын жакшыртуунун бирден-бир жолу.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Уюулдук байланышты жакшыртуу үчүн үйдөгү же коомдук жайлардагы Wi-Fi-роутерлерди пайдаланса болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине курган маегинде "Билайн" компаниясынын абоненттердин жабдууларын анализдөө жана тармактагы байланышты жакшыртуу бөлүмүнүн жетекчиси Алексей Верещагин билдирди.
"Байланыш тармактарын иштеп чыгуучулар (GSMA, 3GPP, ETSI жана башкалар) Wi-Fi жыштыгында уюлдук байланыштын үн билдирүүлөрүн дагы кабыл алгыдай кылып жасашкан. Ал үчүн телефондун өзүндө Wi-Fi стандартына кошулуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мобилдик байланыш начар болуп жатканда үйдөгү жана коомдук жайдагы Wi-Fi-роутерлер аркылуу интернетке кошулуп, кадимки мобилдик чалууларды ишке ашырса болот. Бул технология VoWiFi деп аталат", — деди Верещагин.
Адистин айтымында, бул технология — мобилдик байланыш начар учурда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн сапатын жакшыртуунун бирден-бир жолу. Ошондой эле бул аркылуу роуминг байланыштар дагы иштей берет.
VoWifi жеткиликтүү болушу үчүн абонент Wi-Fi аркылуу интернетке кошулуп, смартфондо үн чакыруулар (голосовые вызовы) функциясын иштетиши керек. Көпчүлүк телефондордун экранына VoWiFi же WiFiCall технологиясына катталдыңыз деген жазуу чыгып калат.
Радио
Термечиков: 5G технологиясы интернет байланышын кыйла ылдамдатат