Жекшембиге карата аба ырайы

Синоптиктер жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 27-мартта өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт деген божомолду айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жекшембиде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Таласта +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +2…+7 градус болот.
Термометр Бишкек жана Ош шаарларында +8…+10 градусту көрсөтөт.
Өлбөгөн жанга жаз келди. Жер жүзүнүн ар кыл бурчунан тартылган 12 ирмем