БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда туулган Россиянын жараны 26 жаштагы Рустам Зарифулин Украинадагы атайын операция учурунда курман болду. Маалыматты РФтин Кыргызстандагы элчилиги тастыктады.
Анын сөөгү бүгүн, 26-мартта, эртең менен ЖККУнун "Канттагы" авиабазасына алып келинип, андан ары кичи мекени Жайыл районуна жеткирилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Кара-Балта шаарында өтөт.
Зарифулин келишимдик негизде кызмат өтөгөн сержант болгону жана Украинадагы аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда баатырларча курман болгону айтылды.
Маркумду авиабазага алып келгенден кийин ал жерге атасы менен агасы чакырылган. Алар менен кошо "Кант" авиабазасынын командири Алексей Ларин, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташесинин өкүлдөрү болгон.
Ал кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн офицеринин айтымында, Рустам Зарифулин жетектеген бөлүк өз тапшырмасын аткаруу учурунда аткылоого кабылып, аскерлер жаракат алганын, бирок ага карабай өз милдеттерин аткарууну улантышкан. Рустам алган жаратынан улам көз жумган. Ал көрсөткөн каармандыгы үчүн Россиянын Эрдик ордени менен сыйланган.
"Аскер кызматын өтөп жаткандардын атынан Рустамдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Рустам аскер бөлүктө коюлган тапшырмаларга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы, мүнөзү жана командирлик сапаты үчүн сый-урматка ээ болчу", — деди офицер.
Рустам Зарифулин 18 жашында Россиянын жарандыгын алгандан кийин өзү аскер комиссариатына барып аскерге чакыруусун суранган. Андан соң ал Куралдуу күчтөргө контракттык режимде кызмат өтөөгө которулган. Аны менен катар эле офицер болуп, өмүрүн аскердик жашоого арноо үчүн жогорку окуу жайга тапшырган.