БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Ыкчам издөө иш-чараларын УКМК Нарын облустук ИИБдин, Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн.
Аталган жайдан:
2 кырдуу жылмакай курал;
1 жылмакай аңчылык куралы;
1 майда калибрлүү мылтык;
1 "Сайга-410" карабини;
59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.
"Табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн болуп чыкты", — деп айтылган билдирүүдө.
УКМКдан учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.