УКМК Октябрь районунда сот аткаруучуну пара алып жаткан жеринен кармады. Сүрөт

Шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.К.Ж. 60 миң сом пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкектин Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.К.Ж. 60 миң сом пара алууга шектелип кармалды

2 / 3

Ал А.у.А. аттуу жарандын аткаруу өндүрүшүн токтотуу жана чет өлкөгө чыгууга мурда коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн ири суммада акча опузалап алып жаткан жеринен колго түшкөн

3 / 3

УКМКнын версиясы боюнча, ал мурда каражаттын бир бөлүгүн алып, бирок маселени чечпей кайра акча талап кыла берген

Ал А.у.А. аттуу жарандын аткаруу өндүрүшүн токтотуу жана чет өлкөгө чыгууга мурда коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн ири суммада акча опузалап алып жаткан жеринен колго түшкөн.
УКМКнын версиясы боюнча, ал мурда каражаттын бир бөлүгүн алып, бирок маселени чечпей кайра акча талап кыла берген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ош аэропортунда кармалган бажы кызматкеринин пара алып жаткан учуру. Видео