Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФтин БУУдагы өкүлчүлүгү Россияга болгон пландуу маалыматтык чабуулдар боюнча билдирди

Дипломат бурмалоо, кош стандарттуулук жана учурдагы психологиялык согуш батыш үчүн норма болуп калды деп сыпаттады.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. РФтин БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Чумаков Коопсуздук кеңешинин бейформал жолугушуусунда Украинадагы окуялар боюнча Россияга каршы пландалган маалыматтык чабуул болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Жаңжал, жаңжалдан кийинки жана гуманитардык кырдаалда психикалык саламаттык жана психсоциалдык колдоону камсыздоого жол ачуу" темасында бейформал жолугушуусу болгон.
"Өкүнүчтүүсү, делегациянын бир катар мүчөлөрү адаттагыдай эле бул олуттуу теманы өзүнүн пропагандалык максатына колдонот. Ошол эле учурда Киев аскерлери Донбасстагы психдиспансерге ок жаадырганына, ал жердин тургундарынын согуштук шартта көп жылдан бери жашап келгенине, улуттук батальондун жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатканына үн катпай отурушат", — деди Чумаков.
Ошондой эле ал бурмалоо, кош стандарттуулук жана учурдагы психологиялык согуш алар үчүн норма болуп калды деп сыпаттады.
"Бүгүнкү маалыматтык чабуул — көптөгөн өлкөдөгү жүз миллиондогон адамдын аң сезимине жана психикасына пландалган кубаттуу сокку. Анын ичинде Россиянын жарандарына да таасир этүүдө, ал үчүн да жоопкерчилиги каралышы керек", — деп белгиледи Чумаков.
Дипломат Батыштын Mintpressnews.com интернет басылмасы өзгөчө көңүл бурууга татый турганын кошумчалады. Анда буюртма бергендердин жана украин аскердик пропагандасын уюштуруучулардын кадамдары кенен көрүнүп калган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыш лидерлерин сынга алды