Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

YouTube Британия министрлерине чалган россиялык эки пранкердин каналын өчүрдү

Кузнецов менен Столяров министрлерге Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын атынан чалышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. YouTube россиялык пранкерлер Владимир Кузнецов (Вован) менен Алексей Столяровдун (Лексус) каналын жапты. Ал жакта пранкерлердин Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен ички иштер министри Прити Пателди тамашага салган видеосу бар болчу. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Пранкерлердин каналына кирүүдө "бул YouTube каналында жеткиликсиз" деген жазуу чыгууда.
Эске салсак, буга чейин Улуу Британиянын Коргоо министрлиги YouTube компаниясына Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин россиялык пранкерлер Владимир Кузнецов (Вован) жана Алексей Столяров (Лексус) менен сүйлөшкөн видеосун өчүрүүнү суранып кайрылган. Анда пранкерлер Уоллеске Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын атынан чалып, Украинанын НАТОдогу статусу, курал жеткирүү, согуштук аракеттерге чет элдик жалданма аскерлердин катышуусу сыяктуу маселелер сүйлөшүлгөн. Кийин министр шектенип калып, байланышты үзүп салганы айтылган.
Россиялык пранкерлер Британиянын ички иштер министри Пателге дагы Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын атынан чалышкан. Сүйлөшүүдө Пател британиялык үй-бүлөлөр украинадагы улутчулдар менен неонацисттерге ар тараптуу жардам берип, аларды кабыл алууга даяр экенин айткан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лондон украиналык аскерлерди даярдыктан өткөргөнүн тастыктаган документ табылды