Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадагы атайын операцияга катышкандарга ардагер статусу берилет. РФтеги жаңы мыйзам

Мыйзам долбоорунун финансы-экономикалык негиздемесинде демилгени ишке ашыруу федералдык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылары жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Украина менен Донбасстагы атайын операциянын катышуучуларына аскердик ардагер статусун берүү боюнча федералдык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аталган документ укуктук маалымат боюнча расмий интернет порталына жарыяланмакчы.
Украинада жана Донецк, Луганск элдик республикаларынын аймагында тапшырмаларын аткарган аскер адамы, укук коргоо кызматкерлери, күч түзүмдөрүнө майып жана ардагер статусу мыйзам менен аныкталат.
Мыйзам долбоорунун финансы-экономикалык негиздемесинде демилгени ишке ашыруу федералдык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылары жазылган. Коргоо министрлигинин болжолдуу баасы боюнча 2022-жылы бул каражат беш миллиард рублге чукул болот.
Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володиндин айтымында, демилге ардагерлерге социалдык колдоонун салык, транспорт, жер, турак жай чараларын жайылтууга шарт түзүп, коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктерди берет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Маморгандар боюнча чет жакта жалган кабар тараткандар жазаланат. РФтеги жаңы мыйзам