Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев өзөктүк согуш башталуу ыктымалдуулугу боюнча пикирин айтты

Медведев адамзат цивилизациясын талкалап албаш үчүн жоопкерчиликтүү саясат жүргүзүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Эч ким согуш болушун каалабайт, бирок өзөктүк чатак чыгуу коркунучу ар дайым бар. Андыктан жоопкерчиликтүү саясат жүргүзүү керек. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

"Эч ким согуштун болушун каалабайт, өзөктүк курал менен согушту такыр эле каалабайт. Бул адамзат цивилизациясынын бар болушуна коркунуч жаратат. Бул жааттан караганда өзөктүк куралдын жасалып чыгышы XX жана XXI кылымдагы көптөгөн ири жаңжалдарды алдын алып, токтотуп калды деп айткан серепчилердин пикири туура десек болот. Бул чындык. Иш жүзүндө деле ошондой болуп жатпайбы", — деди Медведев.

Анын айтымында, кайсы учур болбосун коркунучтар ар дайым жаралып келген.
"Мурдагы башкы кол башчы катары анын масштабы кандай экенин жакшы билем. Ооба, бардык адамдарга белгилүү, НАТО өлкөлөрүнүн өзөктүк каражаттары биздин өлкөнүн аймагындагы объектилерди мелжеп турат, ал эми биздин өзөктүк куралдар Европа жана АКШны мээлеп турат. Жашоо ушундай экен. Андыктан бул тууралуу дыкат ойлонуп жана жоопкерчиликтүү саясат жүргүзүш керек", — деди Медведев.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Тилекке каршы, эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы атайын операцияда Россия тараптан канча аскер каза болгону айтылды