"Түндүк электр" баштаган төрт компания "Улуттук электр тармактарына" кошулмакчы

Чечим бүгүн акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасына электр кубатын бөлүштүрүүчү төрт компания кошула турган болду.
Аталган компаниянын маалымат кызматынан мындай чечим бүгүн акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынгандыгын айтты.
"Кыргызстандын улуттук электр тармактарына "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" компаниялары кошулат. Отурумда биригүү боюнча келишимдер бекитилди", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Жарык улам өчүп турат. Министрликтин электр кубаты боюнча эскертүүсү