БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун биринчи жыйынындагы протоколду аткаруу маселелери талкууланган. Анын ичинде Кыргызстандан Казакстан, Россияга жана кайра ал жактан өлкөгө жүк ташуу, жүк ташуучу автоунаалардын өтүшү боюнча сөз кылышкан.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын кезек күтүп, топтошуп туруусуна жасалма, электрондук эсеп фактурасы жок товарларды киргизип чыгарууга жол бербөө сыяктуу бир катар маселелер чечилген. Эгер жүк ташууда жогоруда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, ал автоунаа кайра Кыргызстандын аймагына кайтарылары айтылган.
Тараптар мындай жолугушууларды беш айда бир жолу өткөрүп туруу чечимин да кабыл алышканы айтылды.