Радио

Талантбеков: аңгемелешүү, маектешүү деген сөздү дүкөн куруу десе болот

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
Дүкөн куруу деген өтмө маанисинде баарлашуу, маектешүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, өтмө маанидеги сөздөр жан дүйнөгө руханий табылга, жан азык боло алат.
"Дүкөн куруу же болбосо аңгеме дүкөн деген түшүнүк кездешет. Муну айрымдар түз мааниде түшүнүп, дүкөндү курат экен деп ойлоп калышы мүмкүн. Чынында бул аңгемелешүү, сүйлөшүү, баарлашуу, маектешүү, сырдашуу дегенди билдирет. Бул түшүнүктө ат жалына казан ас, узун жолду кыскарт деген сыяктуу сөз түйүнүн чечүүдө колдонулат", — деди Талантбеков.
Манасчы айтылган сөздү көркөмдөө үчүн өтмө маанидеги сөздөрдүн орду табылгыс экенин кошумчалады.