УКМК: "Хизб ут-Тахрир" уюмуна Кыргызстанда лидерлик кылган чет элдик кармалды. Сүрөт

Анын диний-экстремисттик жана террордук топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында көмүскө экстремисттик тармакты уюштургандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) лидери, коңшу өлкөнүн жараны болгон адамдын диверсиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) лидери, коңшу өлкөнүн жараны болгон адамдын диверсиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
Анын диний-экстремисттик жана террордук топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында көмүскө экстремисттик тармакты уюштургандыгын айтты.

"Кармалган И.Ш.Ш. Өзбекстанда "Хизб ут-Тахрир" ДЭУ аймактык жетекчиси болуп саналат. Ал Кыргызстандын түштүк аймактарында жана Өзбекстандын чектеш аймактарында "Хизб ут-Тахрир" түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча көмүскө иштерди жүргүзүп келген", — деп билдирди маалымат кызматы.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран 10 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстанда расмий издөөдө жүрүп, Кыргызстандын аймагында жашырынууга аракет кылганы аныкталган.
Тиешелүү процессуалдык чаралардын негизинде И.Ш.Ш. Өзбекстанга өткөрүп берилген.
УКМК: Сириядагы согушка барууга азгырган чет элдиктер кармалды