А4 кагазы эки эсе кымбаттады. Антимонополия себебин жана божомолдорун айтты

Баалардын өсүшү Россияга киргизилген санкциялардын таасиринен улам катталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Антимонополияны жөнгө салуу кызматы А4 форматындагы кеңсе кагаздары кымбаттап жатканына байланыштуу кырдаалды изилдеп, түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, аталган үлгүдөгү кагаздардын басымдуу бөлүгү Россиядан алып келинчү. Февраль айынын соңунда батыштын бир катар компаниялары санкцияларга байланыштуу өлкөдөгү ишин токтотушкан. Алардын катарында Stora Enso, UPM, Sappi жана Arctic Paper фирмалары бар.
Ошондой эле баанын өсүшүнө кагазды агарта турган каражаттардын тартыштыгы себеп болгон. Ал Европадан алып келинет, бирок компаниялар сатуудан баш тартпаганы менен логистика жагынан көйгөй жаралууда.
Финляндиялык Kemira компаниясы Россия менен Беларуска кагазды агартуучу натрий хлорун жеткирүүнү токтото турганын жарыялагандан кийин баа кескин өсүп кеткени белгиленди.
Учурда Россияда кагаз чыгаруучу үч ири компания бар, Соода жана өнөр-жай министрлиги алар ишин кайра түзүмдөштүрүп, көйгөйдү чечүү жолун тапканын билдирген.
Азыркы тапта Кыргызстанда кеңсе кагаздарын чыгара турган бир дагы компания жок. 12 ишкана макулатурадан жана жыгачтан кагаз продукцияларын даярдоо менен алектенет.
Бүгүнкү күндө мурда чекене баасы 250-300 сом болуп жаткан А4 кагаздарынын бир пачкасы 500 сом жана андан жогору болуп жатат.
"Бул рынок атаандаштыкта иштеп, баалар мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүз суроо-талаптын негизинде түзүлөт. Алдыда Россиядагы кырдаал турукташып, кагаз агартуучу заттарды жеткирүү маселеси чечилсе баалар ордуна келет", — деп айтылат маалыматта.
Антимонополия атаандаштык рыногундагы бааларды тизгиндөөгө таасир эте албай турганын эскертти.
Россия газды рубль менен сатса КРде көйгөй жаралбайбы? Министрдин жообу