БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Чүй облусунда адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, буга чейин Сокулук райондук милициясына 37 жаштагы Н.Б. аттуу кишинин ар кандай жаракаттар менен Бишкектеги ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.
Аталган факты тартип коргоочулар тарабынан каттоого алынган. Башында аны суракка алууга мүмкүн болгон эмес. Кийин ал өзүнө келгенде Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, керектүү экспертизалар дайындалганы айтылды. Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Н.Б. аттуу кишини 2022-жылдын 21-мартында белгисиз адамдар уурдап, Чүйдүн Москва районундагы айылдардын биринен Сокулукка жеткиришкен. Ал жерден күч колдонуп кармап, сабашкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен өзү байланышып, алардын жардамы менен Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Белгисиз адамдар ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү автоунааны тартып алып айдап кетип калганы белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта.
Кылмышка шектүүлөрдү Чүй облустук милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Москва райондук милициясы менен бирге кармашкан. 30 жаштагы Т.Ф. жана 25 жаштагы А.Д. аттуу эки шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.