БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Түркия Москва жана Киев менен Босфор кысыгында табылган мина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, координация уланууда. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргонуу боюнча министри Хулуси Акар айткандыгын РИА Новости жазды.
Босфор кысыгында мина сыяктуу объект калкып жүргөндүгүн буга чейин басылмалар жазган. Андан көп өтпөй Түркиянын коргонуу министри ал объектинин жок кылынгандыгын кабарлаган. Кысык алгач кемелердин каттамы үчүн жабылып, андан соң ачылган.
"Биз россиялык да, украиналык да бийлик менен сүйлөштүк. Биздин координация уланууда", — деген Акар журналисттерге.
Министр бүгүн эртең менен Босфордон табылган объект эскирген мина экендигин билдирген.
"Анын эскирген мина экендиги аныкталып, биздин тийиштүү командалар жок кылды", — деп кошумчалаган Акар.
Буга чейин Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы РФтин атайын операциясы башталгандан кийин Украина аскерлери Одесса, Очаков, Черноморск жана Южный портторунун кире беришине 420дай мина орнотконун билдирген. Аталган кызмат бул миналар суунун агымы менен Босфор куймасына, андан ары Жер Ортолук деңизге агып кетиши ыктымалдыгын билдирген. Түркиянын аскердик деңиз күчтөрү кемелерге Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын билдирүүсүнөн кийин миналарга көз салуу тапшырмасын бергенин Hürriyet басылмасы жазып чыккан.
Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коргоо министрликтери Кара Деңиздеги миналардын калкып жүргөнү боюнча маалыматка байланыштуу тиешелүү чараларды көрөрүн билдирген.