ЖМК: Босфордо минага окшош объект табылып, кемелерге жол жабылды

Түркиянын Коргоо министрлиги объектини жок кылуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Босфор кысыгында мина сыяктуу объект аныкталгандыгы тууралуу маалыматтан кийин кемелер үчүн жол жабылды. Бул тууралуу TRT Haber телеканалына таянып, РИА Новости билдирди.
Түркиянын Star гезити Босфор кысыгынын кире беришинде минага окшош объектинин кыймылдаганы байкалып жатканын жазган. Кийинчерээк Түркиянын Коргоо министрлиги объектини жок кылуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын кабарлаган.
"Атайын буйрук чыкканга чейин Босфор кысыгы кемелердин каттамы үчүн жабылды", — деген телеканал.
Буга чейин Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы РФтин атайын операциясы башталгандан кийин Украина аскерлери Одесса, Очаков, Черноморск жана Южный портторунун кире беришине 420дай мина орнотконун билдирген. Аталган кызмат бул миналар суунун агымы менен Босфор куймасына андан ары Жер Ортолук деңизге агып кетиши ыктымалдыгын билдирген.
Түркиянын аскердик деңиз күчтөрү кемелерге Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын билдирүүсүнүн кийин миналарга көз салуу тапшырмасын бергенин Hürriyet басылмасы жазып чыккан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев өзөктүк согуш башталуу ыктымалдуулугу боюнча пикирин айтты