Бишкекке бүгүн 1500дөн ашуун көчөт тигилди. Сүрөт

Бак отургузууга шаар башчысы Абдыкадыровдон тарта Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Жошыбаев, бир катар конуштардын тургундары, уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада баш-аягы 1500гө чукул көчөт отургузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматы кызматынан кабарлады.
1 / 2

Бүгүн борбор калаада баш-аягы 1500гө чукул көчөт отургузулду

2 / 2

Дарак отургузууга шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыровдон тарта Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, андан сырткары бир катар конуштардын тургундары, уюмдардын өкүлдөрү катышкан

Дарак отургузууга шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыровдон тарта Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, андан сырткары бир катар конуштардын тургундары, уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
"Ынтымак-2" паркына мэр менен элчи баштаган кишилер 30 түп ар кыл бактардын көчөттөрүн тиккен. Андан сырткары коңшу жайгашкан "Ден соолук" сейил багына "Мастерская счастья" уюму 110 түп кайың тиккен.
1 / 2

"Шаар башчысы белекке берген 2000 түп көчөттүн миңи Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жана Ак-Босого конуштарына тигилди", — деп билдирди маалымат кызматы.

2 / 2

Мэрия бул иштер "Жашыл Мурас" деп аталган жашылдандыруу кампаниясынын алкагында жасалып жаткандыгын айткан.

China Road компаниясы Бишкек мэрине пландагы кайчылаш жолдордун сүрөтүн көрсөттү