Бишкек мэриясы Киев көчөсү тарабындагы тосмону алдырды. Сүрөт

Бишкек мэриясын тосмолорун алдыруу иштери
Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызстандарт" мекемесинин темир тосмолору да жок кылынганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын жанындагы, тагыраагы, Киев көчөсү тарабындагы темир тосмолор алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Демонтаж ограждений вокруг мэрии Бишкека
Бишкек мэриясынын жанындагы, тагыраагы, Киев көчөсү тарабындагы темир тосмолор алынды
"Мэрия имаратынын Киев көчөсү тарабындагы тосмолор шаардын көркүн бузбоо максатында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен алынды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызстандарт" мекемесинин темир тосмолору да демонтаж болгон. Мекеме Панфилов көчөсүндө жайгашкан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Бишкектеги Сүйүнбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) популярдуу тез тамактануучу жайлар түрттүрүлдү
Тез тамактануучу жайлар жоюлган Карпинканын азыркы көрүнүшү. Сүрөт