Жайыттар боюнча жаңы мыйзам долбоору чатактын башы болушу мүмкүн. Маек

Жогорку Кеңеш "Асылдуулугу азайган жайыттарды дыйканчылык багытында өздөштүрүүгө берүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун алып чыгууда. Айыл чарба министрлиги сунуштаган мыйзам долбоору комитеттин эки окуусунда жактырылып, коомчулуктун талкуусуна коюлган.
Sputnik
Асылдуулугу азайган деген шылтоо менен жайыт жерлер менчикке өтүп кетиши мүмкүндүгүн айтып, Жумгал районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кылычбек Чокоев жана "Кыргыз жайыты" улуттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин консультант-эксперти Байтемир Найзабеков редакцияга маек берди.
— Министрлик сунуштаган ушул мыйзам долбоору кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн?
Кылычбек Чокоев: — Аталган жайыттарды кунарсыз деп баалоо процедурасы туура эмес жүрүп жатат. Картографтар барып төмөн жайыттарды тактаганда арыктын астын, айылга жакын жайгашкандарын, анан азыр пайдаланылбай турган жайыттардын контурларын алып, жалпылап чыгарып жатышат. Азыр жердин көбү эле менчикте. Малды жайытка чыгарууда атайын графиктер кабыл алынып, айыл өкмөттө бекийт.
Жумгал районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кылычбек Чокоев
Ички жайыттарды ижарага берсе мал ээлери менен чатак чыгып кетиши мүмкүн. Анткени бул жерлер айылдарга жакын жайгашкан, башкача айтканда жаздоо болуп эсептелет. Малчылар малын жайлоого алып чыкканга чейин 1-1,5 ай ушул жерде кармашат. Тоо башына чыгарууга аба ырайы ал убакта мүмкүнчүлүк бербейт.
Элде чөптүн жакшысы да, жаманы да шыбак деп айтылат. Көк чыга элек үзүмчүлүк маалда мал, өзгөчө жылкы баласы кар тээп, мына ушул шыбак менен тоюнат. Андан соң гана ортоңку жайыттарга айдап кетишет. Айдоолорго жакын жайыттардын категориясын суу баскан аймакка которо турган болсок өкмөттө эки көйгөй пайда болот. Биринчиден, мурдагы үлүшкө берилген жерлерге суу жетпей турганда жаздоолор дыйкандарга берилсе, сугат көйгөйү жаралат. Экинчиси, ижарачылардын эгиндери чыгып калган маалда малды жайлоого айдоого туура келет. Мыйзам долбоорунда аталган жерлерди дыйканчылык багытта өздөштүрүүгө 20 жылга чейин берүү каралууда. Андан кийин ал жерлердин тагдыры эмне болот? Ижарасын узартып отуруп соңунда жеке менчикке өтүп кетпейби?
Байтемир Найзабеков: — Асылдуулугун арттыруу максатында төмөнкү жайыттарды дыйканчылык багытында өздөштүрүүгө берүү сунушу элден чыккан жок. 2016-жылы ушул эле сунушту Германиянын эл аралык кызматташуу коому мыйзам долбоор кылып даярдап, документ Жогорку Кеңешке келип түшкөн. Ошол кездеги президенттер Алмазбек Атамбаев, кийин Сооронбай Жээнбеков кол койбой артка кайтарган. Эми ЖКнын VII чакырылышына кайрадан сунушталып отурат. Аталган мыйзам долбоорунун негизги максаттарынын бири жерди асылдандыруу жана жакырчылыкты жоюу деп айтылганы менен иш жүзүндө бул эки багытта тең майнаптуулугу жокко эсе болот. Министрлик, жайыттар деградация болуп жатканын айтып келет. Дагы 500 миң гектар жерди дыйканчылыкка берип салсак, жайыттардын азайышына салым кошуп жатпайбызбы.
"Кыргыз жайыты" улуттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин консультант-эксперти Байтемир Найзабеков
— Министрлик малды жайлоого айдап чыгууда дайкандарга ижарага берилген жерлер тоскоолдук жаратпай турганын, мал атайын картага түшүрүлгөн жол менен жүрөрүн айтууда. Сиздер айтып жаткан жаздоолордон ушундай жол менен мал айдап өтүү мүмкүнбү?
К.Ч.: — Мал деген — мал. Аны катарга тизип койсоң көрсөткөн жол менен кете бербейт. Жайлоого чыккыча бадада кайтарылат. Анан соң ижарага алынган жердеги эгиндин чети менен айдап барып, кайра алып келүү мүмкүн эмес. Жайыт комитети ижарачыларга "белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин мал ортоңку жайытка чыгып кеткенде гана пайдаланасың. Ага чейин бул жайыт", — деп жатабыз. Ошондо эрежеге баш ийип, унчуга албай келишкен. Ансыз деле 300-400 гектар жердин 20-30 гектарын ижарага алгандар шылтоолоп, жайыт пайдалануучуларды киргизбей кубалайт. Эгер бул мыйзам долбоору ишке аша турган болсо, дал ушул малчылар менен дыйкандардын кагылышы күчөйт.
Жайыт боюнча мыйзам №515 токтом менен бекитилген. Анда мөмө-жемиш тиксең болот дегени менен категориясы жайыт боюнча калып жатат. Демек, Конституцияда жайыт мамлекеттики болбогондон кийин бул мыйзам долбоору иштеп баштаса кийинчерек жайыттар жеке менчикке өтүп кетиши толук ыктымал. Менимче, бул көйгөйлөр жеринен билбегендиктен жаралып жатат.
— Мыйзам долбоору жактырылып калса жайыттар ачык конкурстун негизинде ижарага берилери айтылууда. Бул сиздер кооптонгон жеке менчикке өтүп кетүү коркунучуна бөгөт боло алабы?
Б.Н.: — Кыргызстанда жайыт боюнча мыйзам 2009-жылы кабыл алынды. Ага чейин азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоорундай эле ижарага берилип келген. Ошондо да чыр-чатак байма-бай жаралып турган. Азыр да аталган мыйзам долбоорунда "конкурстук негизде кунарсыз жайыттар ижарага көп жылдарга берилет" деп турат. Бул учурда конкурсту өтө көп акчалуулар утуп алып, гектарлаган жерлерди көп жылдарга ижарага алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатпайбы. Анан да азыркы мыйзам долбоору боюнча ал ижаранын мөөнөтү бүткөн соң узартып алууга уруксат берилет. Көп жылдык бактарды тиккендер, албетте, ижарасын узартат. Демек, конкурстун ачык жүргүзүлүшү бул жерде эч кандай бөгөт болуп бере албайт. Бул көрүнүштү биз башыбыздан өткөргөнбүз, андыктан элге азыркы мыйзам долбоору жакпай турат.
Жумгал районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кылычбек Чокоев
Экинчи учуру — "дыйканчылыкка өздөштүрүүдө көп жылдык мөмө бактарын тигүүгө берилет" деп турат. Эгер биздин максатыбыз аталган жайыттарды багбанчылыкка колдонуу менен жакырчылыктан чыгуу болсо, анда бул куру аракет дейт элем. Биз алма өстүрүп эмес, ошол өзүбүздө бар эт, сүт багытын иштетип, өркүндөтүүнү колго алсак болмок.
К.Ч.: — Ижарага алгандар жерди узагыраак пайдаланышы үчүн элдин шартына көнүшү керек. Кыргызстандын көбү мал менен оокат кылабыз. Бул токтомду республика боюнча кабыл ала турган болсо, ар бир аймактын шартын караш керек. Жумгалдын бөксө тоолору бозоруп, шыбак басып турат. Жаанчыл болгон жылдары шыбак жакшы өсүп малга да пайда. Ошол жерлердин баарына көп жылдык тоюттарды сепсек болот эле. Ижарага, менчикке да берилбей, малга сонун болмок. Бул боюнча сунуштарыбызды Жогорку Кеңешке чейин берип келе жатабыз. Эч кандай жооп ала алган жокпуз. Азыр эми мыйзамды кабыл алып, жер категориясын өзгөрткөн күндө деле эл кабыл албай коюшу мүмкүн.
Көп жылдык тоюттарды себүү боюнча бизде тажрыйба бар. Жумгал районунун Куйручук айылындагы 40 гектар жерге эспарцет сепкенбиз. Аны чабандарга пайдаланууга бердик. Тоодон келген сууну буруп, аскадан лотокторду алып өтүп сугарганбыз. Чабандарга "чөптү бир эле жолу 10-15 сантиметр түбүн калтырып чаап аласыңар да, калганын малга жайыт катары бересиңер" деген талап койгонбуз. Алар да сүйүнүп макул болду. Тоют маселесин чечүүдө элдин өзүн кошо иштетип, чабандарга да берип, жапа тырмак иштөө керек.
— "Ижарага берсек гектарына 200 сом болот. Муну менен салыкка көп каражат түшүрөбүз" деген жүйө келтирилүүдө. Жумгал районунда ижарага канча гектар жер кетип калышы мүмкүн?
К.Ч.: — Буга чейин кандай жер болбосун, тоолуу аймак болгон үчүн гектарына 2 сом 25 тыйын төлөчүбүз. Эми үч жылга чейин жерге акы албайбыз деп чыгышты. Бирок мунун да кемчилиги бар. 2 сом 25 тыйынды малдын башына шарттуу бөлө келгенде — бул өтө аз акча. Суу баскан аймактан алган чөптүн бир пресси 200-300 сом болуп жаткан кезде малды 5-6 ай жайытта кармаса, салыгы өтө аз суммада чыгып жатпайбы. Жайытты башка маселе менен пайдаланууда жаңы тарификация иштеп чыгуу керек. Анткени мал көбөйгөндөн кийин анын да кайтарымы болушу керек. Министрликке бул боюнча да сунуштарды бергенбиз.
Салыктардын баары эле айыл өкмөткө түшөт. Элдин тилин таап, малдын, жердин сырын билген жайыт комитети кирешени көбөйтөт. Жайыт комитетинин башчысы жакпай калса бат-бат алмаштырып иймей айылда да бар. Ага чейин министрликтен, АРИСтен, Агрардык институттан барып жайыт комитетине адистерди окутуп кетишкен. Ал адисти алмаштырган соң экинчисин үйрөтүүгө көп убакыт кетет. Жыйынтыгында туура эмес кадрдык саясаттын кесепетин тарткан айыл аймактары көп.
"Кыргыз жайыты" улуттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин консультант-эксперти Байтемир Найзабеков
Б.Н.: — Мындан бир нече жыл мурда алыскы жайыттарга мал барбай калганы жакынкы жайыттарда деградация күчөгөн. Бирок жайыт комитеттери ишти тартипке салып, жаздоо, жайлоо, күздөө жана кыштоону колдонуу боюнча график түзүп көзөмөлгө алгандан тарта бул көйгөй жоюлду десек болот. Мына ушул аябай жакшы иштеп жатат. Эл аралык донорлордон көптөгөн гранттар келип, анын аркасы менен көпүрөлөр, жолдор салынды. Аны менен алыскы жайыттарга жетүү оңой болуп калды. Бирок көп иштер көрүнбөй калып жатат. Айрым жылдары аба ырайынын каатчылыгына байланыштуу мал өтө эттенбей калышы мүмкүн, ошондуктан малчылар алыскы жайыттарга барууга кызыкдар болот. Айыл чарба министрлиги иштин көзүн таап, жакшылап уюштурушу керек.
К.Ч.: — Биз Жумгалда алыскы жайыттарды мал-жандуу байларга пайдаланууга берип жатабыз. Башкача айтканда алар баары бир малчы жалдаган соң өздөрүнө ылайыктап, алысыраак жайыттарга бара алышат. Ал эми малы аздар кезүүгө жакынкы жайыттарды алганы туура. Мына ушул тажрыйба жайыттарды тең салмактуу колдонууга жакшы шарт түзөт экен. Андыктан жалпы республика боюнча бул эрежени киргизсе болот. Ошондо алыскы жайыттар өз багытында колдонулат жана жакынкы жайыттар да эс алат. Мына ушул сыяктуу жерге да, малчыга да пайдалуу болгон тартиптерди киргизүү менен иш алып барганыбыз туура.
Туяк санабай сандан сапатка өтөлү. Айыл чарба министри Аскар Жаныбеков менен маек
Радио
Эгембердиев: жайытты ижарага берүүдө тобокелчилик көп