Владимир Жириновский каза болду деген маалымат төгүндөлдү

Буга чейин бир катар ЖМКлар Жириновскийдин партиялашы, сенатор Александр Пронюшкинге шилтеме берип анын көз жумгандыгы тууралуу жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский көз жумду деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Жириновскийдин партиялашы, сенатор Александр Пронюшкинге шилтеме берип анын каза болгондугу тууралуу жазышкан.
"Жириновскийдин абалы туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлер ага колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Владимир Жириновский коронавирус илдетине кабылып, февраль айынын башында оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери жакшы боло албай жатат.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу эмнеге көрүнбөй кеткени айтылды