Владимир Жириновскийдин көз жумганы айтылууда

ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский коронавирус илдетине кабылып, бир ай мурда оор абалда ооруканага түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россиялык саясатчы, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, бул тууралуу анын партиялашы, сенатор Александр Пронюшкин билдирген. ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский коронавирус илдетине кабылып, бир ай мурда оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери жакшы боло албай жаткан.
Саясатчы 25-апрель күнү 76 жашка толмок.
Журналист Абдувахаб Мониев дүйнө салды