Радио

Окумуштуу: сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн саны өсүшү ыктымал

Илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун директору жана химия технология, медицина, биология жана айыл чарбасы бөлүмүнүн башчысы Кайыркул Шалпыков өлкөдө жапайы өсүмдүктөрдүн 4 миңден ашык түрү кездешерин белгиледи.
Sputnik
Козу карындарды кошкондо 90 түрдүү өсүмдүк Кызыл китепке киргизилген. Бул тууралуу Кайыркул Шалпыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кызыл китеп жаңыланса сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн.
"Кыргызстандын жаратылышы биологиялык ар түрдүүлүккө бай өлкө. Учурда жапайы өсүмдүктөрдүн 4 миңден ашык түрү өлкөбүздүн аймагынан кездешет. Анын 20 пайызын дарычылыкка, тамак-аш катары колдонулгандыктан пайдалуу өсүмдүктөр болуп саналат. Мунун ичинен 62 түрү Фармокопей китебине (книга фармокопея) кирген. Ал эми 1965-жылдары чыккан Кызыл китепке 65тей эле түрү катталган эле. 2005-жылы ал жаңыланганда козу карындарды кошкондо 90 түрдөгү өсүмдүк кирди. Мыйзамга ылайык, ар бир 10 жылда Кызыл китеп жаңыланып турушу керек. Кийинки убактарда бул багыттагы иштер жүргүзүлө элек. Бирок мунусунда сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн саны көбөйүшү ыктымал. Себеби антропогендик фактор күч алууда. Анткени малдын саны көбөйгөн сайын жаңы жайыттарга муктаждык жаралууда. Мындан тышкары, кендерди иштетүү, жол салуу иштеринин дагы кедергиси болууда. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү дагы өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам Тоо экосистемасын коргоого багытталган жылы жарыяланды. Анын алкагында жашылдандыруу, сейрек өсүмдүктөрдү коргоо жаатында кыймыл башталууда", — деди Шалпыков.
Окумуштуу өсүмдүктөрдү коргоо боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен окумуштуулар биргелешип иштерди алып барып жатканын кошумчалады.