Путин япониялыктарды куткарууга жардам берген. Япон депутаты Баткендеги окуя тууралуу

Эске салсак, Баткен окуялары учурунда Кыргызстанда иштеген япониялык инженерлерди барымтага алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Япония парламентинин депутаты Мунэо Судзуки Россиянын президенти Владимир Путин япониялык төрт инженерге 1999–2000-жылдары Баткен окуясында кантип жардам бергенин айтып берди. Анын маегин "ИноСМИ" сайты жазды.
Эске салсак, Баткен окуялары учурунда Кыргызстанда иштеген япониялык инженерлерди барымтага алышкан.

"Ошол кезде Кыргызстанда япониялык инженерлер барымтага алынган. Анда Япония жарандарын аман-эсен кайтарып алууга абдан кызыкдар болду. Ал үчүн Россия бийлигине кайрылуубузга туура келген", — деди депутат.

Анын айтымында, Япония Россияга чоң үмүт менен кайрылган.
"Бирок Токио Москвага жардам сурап кайрылганга чейин эле Путин алар тууралуу бизге маалымат берди. Ал жарандарыбыз аман экенин айтты”, — деди депутат.
Судзукинин айтымында, ошондон улам ал Путинди гумандуу адам катары баалап калган.
Дипломатиялык мамилеге 30 жыл толду. Путин Жапаровго куттуктоо жолдоду