Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадагы атайын операцияда Россия тараптан канча аскер каза болгону айтылды

Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын операция учурунда Россиянын 1 351 аскери курман болуп, 3 825 жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Генералдык штабдын башчысынын биринчи орун басары Сергей Рудскойго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Тилекке каршы, атайын операция учурунда биздин аскерлердин арасынан жоготуулар болду. Бул учурга чейин 1 351 аскер курман болуп, 3 825 жоокер жаракат алды”, — деди Рудской.

Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Тилекке каршы, эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш Россияга чыныгы гибриддик согуш жарыялады