БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жашоодо болуп жаткан окуяларга ашыкча тынчсызданып, дүрбөлөң болбоо үчүн эмне кылуу керектигин психолог Эрмек Кашкомбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.
Адис күнүмдүк жаңылыктар, анын ичинде азык-түлүктүн кымбатташы адамды ойго салбай койбойт. Буларга терең кайгырып, ойлоно бербеш үчүн башка жактан позитивдүү эмоцияны издөө керек.
"Жаштар улуу муунга караганда стресс менен оңой күрөшөт, себеби позитивдүү эмоцияны көп жерден алышат. Деги эле тынчсыздануу жана жан дүйнөнүн чөгүшүнөн алыс болом деген адамдар өзүнө жаккан беш нерсени аткарса болот. Кээде жөнөкөй эле майда-чүйдө нерселер менен алектенүү да көңүлдү кубантып, бакыт тартуулайт. Мисалы, алар тоого чыгуу, бак аралоо, мончого түшүү, чыгармачылык менен алектенүү болушу мүмкүн", — деген психолог.
Адис сүйүктүү ишиң менен бир саат эле алектенүү тынчсыздануудан арылтып, көйгөйлөрдү аз ойлонууга жардам берерин белгиледи.