Садыр Жапаров эл каттоочуларды үйүндө кабыл алды. Сүрөт, видео

Каттоочу мобилдик тиркеменин жардамы менен Жапаровдун үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстан боюнча башталган элди жана турак жай фондун каттоого катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берген. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Жапаровдун үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алган.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстан боюнча башталган элди жана турак жай фондун каттоого катышты

2 / 3

Мамлекет башчы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берген

3 / 3

Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Жапаровдун үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алган.

Эске салсак, Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт.
Эл каттоого убактылуу 28 миң кызматкер (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылган.
Иш-чара быйыл алгачкы жолу электрондук түрдө өткөрүлүп жатат. Каттоочулар уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемеге маалыматтарды топтойт.
Эл каттоонун жүрүшү боюнча даттануулар үчүн ишеним телефону уюштурулду