"Өзгөн" комплекси тарыхый жана маданий музей-корук болуп түзүлдү

"Өзгөн" комплекси буга чейин "Сулайман-Тоо" комплексинин карамагында болгон жана бул кандайдыр бир деңгээлде аны өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Чечим тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынды. Буга чейин "Өзгөн" археологиялык-архитектуралык комплекси "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин карамагында болгон. Бул кандайдыр бир деңгээлде аны өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан", — деп жазылган маалыматта.
Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Ал Ош шаарынан 54 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Өзгөн шаары биздин заманга чейин II-I кылымдарда түптөлгөн. Ал эми ХI-XII кылымдарда Караханиддер мамлекетинин борбор калаасы болгон.
Комплекс мунарадан жана үч күмбөздөн турат. Бул тарыхый эстеликтердин баары бир мезгилде курулган эмес.
Айтылуу Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, азыркы учурда бийиктиги 27,5 метрди түзөт.
Күмбөздө караханиддердин өкүмдарларынан сөөктөрү коюлган. Ортоңку күмбөз 11-кылымдын башында курулуп, ал жерге Караханид мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү коюлган. Ал эми 1153-жылы курулган түндүк күмбөзгө Насыр-ибн Алинин чебереси, карахандардын ханы Тогрул Хусейин Хасандын сөөгү коюлса, 1187-жылы салынган түштүк күмбөзгө Караханид мамлекетинин аскер башчыларынын сөөктөрү коюлган. 1974-жылы Ленинграддан келген археологдор күмбөздү казып, 60ка чукул сөөк табышкан.
Ажайып Кыргызстан: Өзгөн мунарасы