Ош аэропортунда кармалган бажы кызматкеринин пара алып жаткан учуру. Видео

Аэропорттогу бажы кызматкерлер ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардан ар кандай шылтоо менен акча алып турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалында иштеген бажы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аэропорттогу бажы кызматкерлер ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардан ар кандай шылтоо менен опузалап акча алып турушкан. Алардын пара алуу ишин туруктуу жолго салып алганы аныкталды.
УКМК бажы кызматкерлеринин акча алып жаткан учурунун видеосун да жарыялады. Анда алардын белгисиз аялдан акча алганын көрүүгө болот.
"Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында К.С.Ш. кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбеков 51 млн. сом төлөп үй камагына чыкты