Техника, транспорт, механизмдер... КРде былтыр лизингге кандай мүлктөрдү алышкан

Кыргызстандык ишкерлер мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр көбүрөөк лизинг алышкан. Каражаттын басымдуу бөлүгүнө айыл чарба техникасы жана жол курганда колдонуучу техникаларга жумшалган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өлкөдө 2021-жылы лизинг ишмердигин 11 компания жүргүзүп, жалпысынан 1,7 миллиард сомго бааланган 860тан ашык келишим түздү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.
Ошондой эле бул сумма 2020-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп болгону айтылды.
Лизингге кандай мүлктөр алынган:
айыл чарба техникасы, машина жана механизмдер — 43,1 пайыз;
жол курганда колдонуучу техникалар, машина жана механизмдер — 37,6 пайыз;
транспорт каражаттары — 10,9 пайыз;
башкалар — 5,2 пайыз;
компьютерлер — 1,3 пайыз;
имараттар — 0,3 пайыз.
Лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Лизингге алынган буюмду кардар андан ары сатып алат. Кредиттен айырмасы — насыя алган киши каражатты өзү каалагандай пайдаланып, кийин аны акча түрүндө эле кайтарып берсе, лизингге мүлк алган тарап анын баасын ижара акысы катары төлөп отуруп кутулат. Кийин мүлк менчикке чыгып, лизинг алган тарапта калат.
Кыргызстандын банктары насыянын ставкасын көтөрө баштады. Сереп