Бишкектин борборунда тизилген сүрдүү, айбаттуу аскер техникаларынын видео, сүрөтү

Ок өтпөс автоунаалар эски аянтка, ал эми жүк ташуучу техникалар "Ала-Тоо" аянтына тизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан сатып алган көп сандагы аскердик техникалар Бишкектин чок ортосуна тизилди.
Эски аянтта Россияда чыгарылган "Тигр" үлгүсүндөгү ок өтпөс автоунаалар турат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын айтымында, алардын саны 50гө чамалап барат.
1 / 4

Кыргызстан сатып алган көп сандагы аскердик техникалар Бишкектин чок ортосуна тизилди

2 / 4

Эски аянтта Россияда чыгарылган "Тигр" үлгүсүндөгү ок өтпөс автоунаалар турат

3 / 4

Ал эми "Ала-Тоо" аянтына ондогон аскердик жүк ташуучу техникалар тизилген

4 / 4

Белгилей кетсек, эки аянт тең саат 13:30га чейин жабылып, автоунаалар айланып өтүүдө

Ал эми "Ала-Тоо" аянтына ондогон аскердик жүк ташуучу техникалар тизилген.
Белгилей кетсек, эки аянт тең саат 13:30га чейин жабылып, автоунаалар айланып өтүүдө.
Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү автоунаа алып келинди. Видео