Кыргызстан Бакиевдерге байланышкан "Манас банк" боюнча эл аралык соттон утту

Максим Бакиевдин жакын досу деп саналган латвиялык бизнесменге таандык банк 2010-жылы улутташтырылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Франциянын Жогорку кассациялык соту 23-мартта Валерий Белоконь менен Кыргызстандын ортосундагы "Манас банкына" байланыштуу көп жылдык талаш-тартышка чекит койгон чечим чыгарды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Мындай чечим үчүн Белокондун кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча операциялардан пайда алуусу (аталган банк мекемесинин ишинин алкагында) негиз болгон. Бул чечим акыркы жана мындан ары башка соттук же арбитраждык жол-жоболордун алкагында каралышы мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, 2014-жылдын 24-октябрында Валерий Белоконь менен Кыргызстандын ортосундагы териштирүүдө арбитраждык чечим чыгарылган. Ага ылайык, кыргыз тарап Белоконго таандык болгон "Манас банктын" мүлкүн мыйзамсыз, мажбурлап тартып алган деген кине менен 16 миллион доллардан ашык төлөөгө милдеттүү болгон. Бирок 2017-жылдын 21-февралында бул арбитраждык чечим жокко чыгарылган, анткени сот Франциянын эл аралык коомдук тартибине каршы келет деген тыянакка келген.
2021-2022-жылдары Белоконь Париж сотунун чечимине Франциянын Кассациялык сотуна даттанууга жана Кыргызстанга каршы арбитраждык чечимдин юридикалык күчүн калыбына келтирүүгө аракет кылган. Франциянын Кассациялык соту Париж сотунун чечимине даттануу жөнүндө ишти карап чыгып, 23-мартта Париж шаарынын апелляциялык сотунун 2017-жылдын 21-февралындагы чечимин күчүндө калтырды.
"Манас банк" жабык акционердик коому өлкө рыногунда 2007-жылы ачылган. Ал өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Курманбак Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын досу жана өнөктөшү деп саналган латвиялык бизнесмен Валерий Белоконго таандык болгон. 2010-жылдын апрель айында Убактылуу өкмөт банкка сырткы башкаруу киргизип, аны улутташтырылган мүлк деп тааныган. Белоконь кыргыз өкмөтү 16,5 миллион доллар компенсация төлөп беришин талап кылып сотко кайрылган. "Манас банк" 2015-жылдын июль айында банкрот деп жарыяланган.
300 млн. долларлык доо. Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утту