Кескин арзандоодон кийин доллардын курсу кандай болууда? 25-мартка карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өткөн суткада алтын куймалары арзандап, күйүүчү майдын баасы ошол бойдон калды. Ал эми доллар курсу бир аз өзгөрдү.
Эске салсак, кечээ Кыргызстанда доллар кескин арзандаган. Эртең менен акырындан баасын түшүрө баштаган АКШ акчасы 10:00дө 94,4 сомдон сатылган. Ал эми сатып алуу 92,2 сомго түшкөн. Түштөн кийин мындай көрүнүш уланып, сатып алуу — 90-92 сом, сатуу — 92-94 сом болуп калган. Бирок кеч курун кайрадан бир аз кымбаттай баштаган.
Учурда Бишкектин банктары менен акча алмаштыруу жайларында долларды орто эсеп менен 92,85 сомго сатып алып, 94,85 сомдон сатып жатышат.
Еврону сатып алуу 23 тыйынга (102,71) кымбаттап, сатуу 6 тыйынга (104,71) арзандады. Теңге менен рублдин курсунда билинер-билинбес гана өзгөрүү болду.
Күйүүчү майдын баалары:
"Газпром нефть Азия"
Аи-92 — 63 сом;
Аи-95 — 66,5;
Дизель майы — 63,3.
"Бишкек Петролеум"
Аи-92 — 62,9;
Аи-95 — 65,9;
Дизель майы — 63,7.
Алтын куймалар арзандап, бир граммы 79 сомго (8 010.5 сом) төмөн сатылып жатат.
Сомдун курсу эмне себептен бекемделип жатат? Адистин түшүндүрмөсү