Январь айында балды экспорттоо үч эсе азайды

Былтыркы жылдын ушул учурунда сыртка чыгарылган балдын көлөмү 68,3 тоннага жеткен. Быйыл экспорт бир топ төмөндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ушул жылдын январь айында Кыргызстан 86,8 миң долларга 21,2 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет кабарлады.
Былтыркы жылдын ушул эле учурунда сыртка чыгарылган балдын көлөмү 68,3 тоннага жеткен. Быйыл экспорттун азайган себеби айтылган жок.
2022-жылдын январь айында КРден бал сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси:
Сауд Аравия — 14,9 тонна;
БАЭ — 3,6;
Катар — 0,7;
Япония — 0,6;
Түштүк Корея — 0,5;
Оман — 0,3;
Бахрейн — 0,2;
Индия — 0,2;
Франция — 0,1;
башка мамлекеттер — 0,1.
Өткөн жылы Кыргызстандын балын Кувейт, Иордания, Малайзия жана АКШ өлкөлөрү алган. Тизмедеги соңку эки мамлекетке жөнөтүлгөн балдын көлөмү 37,4 тоннага жеткен.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон товарынын көлөмү 80 пайызга өстү