Апрелде кыргызстандыктар кошумча канча күн эс алары айтылды

Кошумча эс алуу күнү бейшембиге туш келип, беш күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар апрелде 10 күн эс алып калат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Апрелде кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алат. Бул тууралуу 2022-жылдын календарында көрсөтүлгөн.
Апрель революциясы күнү (7-апрель) бейшембиге туура келет. Бул айда андан башка майрам болбойт. Ошондо беш күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар апрель айында 10 күн эс алып калат.
Белгилей кетсек, апрель айында орозо айы (болжол менен 2-апрелде) башталат, бирок бул күн майрам эмес. Ал эми рамазан айы аяктаган соң Орозо айт майга туш келип, бул эс алуу күнү болмокчу.
Бардык майрам, эс алуу күндөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин 2022-жылга даярдаган материалынан окуй аласыздар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Орозо быйыл качан башталышы мүмкүн?