Ташиев: Кыргызстан 55 ок өтпөс, 50 аскердик жүк ташуучу автоунаа сатып алды

Аскердик техника жоокерлер менен укук коргоо органдарынын күчүн бекемдөө үчүн алынганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан бюджеттин эсебинен ок өтпөс автоунаалар менен аскердик жүк ташуучу техникаларды сатып алды. Бул тууралуу УКМК жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев техниканы тапшыруу учурунда билдирди.
Ташиев аскердик техника жоокерлер менен укук коргоо органдарынын күчүн бекемдөө үчүн алынганын белгиледи.
"Биз Арзамастан 55 ок өтпөс "Тигр" машиналарын сатып алдык. Бул автоунаалар атайын биздин өлкө үчүн чыгарылган. Мындан тышкары, 50 даана КамАЗ алдык, булар дагы атайын биздин өлкө үчүн чыгарылган. Каражат бюджеттен бөлүндү, эч кимден акча сураган жокпуз. Өлкөбүздүн коопсуздугун сактоо үчүн курал-жарактарды дагы сатып алып жатабыз", — деди Ташиев.
Бишкектин борборунда тизилген сүрдүү, айбаттуу аскер техникаларынын видео, сүрөтү