Тез тамактануучу жайлар жоюлган Карпинканын азыркы көрүнүшү. Сүрөт

Мэрия алты павильонду түрттүргөн. Ага чейин тамактануучу жайлардын ээлери менен ижара келишими бузулган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкектеги Сүйүнбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) популярдуу тез тамактануучу жайлар түрттүрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бишкектеги Сүйүнбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) популярдуу тез тамактануучу жайлар түрттүрүлдү

2 / 3

Шаардык муниципалитет түрттүрүлгөн павильондордун сүрөттөрүн жиберген

3 / 3

Буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлк департаменти тез тамактануучу жайлардын ээлери менен ижара келишимин бузган.

"Тазалык" муниципалдык кызматынын атайын бригадасы алты павильонду алды, түрттүрүү иштерине үч күн кетти", — деп билдирди мэрия.
Шаардык муниципалитет түрттүрүлгөн павильондордун сүрөттөрүн жиберген.
Буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлк департаменти тез тамактануучу жайлардын ээлери менен ижара келишимин бузган.
Шаар бийлиги өзү билемдик менен курулган объектилерди түрттүрүү жана калаанын санитардык абалын жакшыртуу иштери уланып жатканын белгиледи.
Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар кадимки тартипте иштеп жатат